Видеопортал Кайдасың?

Кайдасың?

“Кайдасың?..” дайынсыз жоголгон жарандарыбызды издеп иликтеген, замандаштарыбызды боорукердикке, ыйманга жана ынтымакка үндөгөн, түрдүү жагдайда бири биринен кол үзгөн үй-бүлө мүчөлөрүн бириктирүүгө багытталган, социалдык теледолбоор. Программа алгачкы жолу 2007-жылдын 5-апрель күнү эфирге чыгып, бир айда эки жолу үзгүлтүксүз көрсөтүлүп келет. 8 жыл ичинде 5000ден ашык адам кайрылып, алардын 2000ге жакыны максат-тилектери орундалгандар. Ар жолку чыгарылыштын жыйынтыктоочу бөлүгү: күн менен түн алмашкан сыяктуу кайгынын артында кубаныч бар экенине ынандыруу, күтүүнүн аягы кучак жая көрүшүү же өмүрдөгү эң жакын адамы менен баарлашуу, кубанычтан аккан көз жаштар...