Видеопортал Кайдасың?

Теледолбоор жөнүндө
“Кайдасың?..” көрсөтүүсү үй-бүлө биримдигин чыңдоого багытталып, дайынсыз жоголгон жарандарыбызды издеп-иликтеген жана өз замандаштарын ынтымакка, ыйманга боорукердикке үндөгөн ири теледолбоор. Мамлекеттик органдар, коомдук уюмдар менен кызматташып, коңшу өлкөлөрдө кыйынчылыкка кабылган мигранттардын өз мекенине кайтып келүүсүнө көмөк көрсөтөт. 2016-жылдан бери Кытай Эл республикасындагы CGTN-РУССКИЙ Эл аралык каналындагы «Жди Меня» көрсөтүүсү менен ийгиликтүү кызматташып, 2016-жылдагы үркүндө жана Улуу Ата Мекендик согушта бири-биринен аргасыз бөлүнгөн жакын адамдарды учурдагы урпактары менен байланышып, кабарлашуусуна күч жумшайт. Көрсөтүүгө республикабыздын алыскы аймактарынан тышкары Казакстандагы жана Россиядагы Кыргызстандык мигранттардан ж.б. чет өлкөлүк жарандардан тынымсыз каттар келип турат.