Видеопортал Бирге окуйбуз

Бирге окуйбуз

Улуу ойчул Виссарион Белинский “Адамдар китеп окууну таштаса, алар ой ойлонуудан да калат.” – деп айтканы бар. Демек китепке кызыкпаган, китеп окубаган балдар жетиштүү билимге ээ боло албайт. Бирок ар бир эле ата-эне өз баласын тартиптүү, билимдүү болуп чоңоюшун каалайт. Муну ишке ашыруунун эң жөнөкөй жолу үй-бүлөбүз менен бирге күн сайын китеп окуу. Ошондуктан Коомдук биринчи канал, Кыргызстандагы Ага Хан фондунун демилгеси менен үй-бүлөлүк “Бирге окуйбуз” шоу программасын жалпы көрөрмандарга сунуштайт.