Видеопортал Тарыхтын татаал ашуулары

Тарыхтын татаал ашуулары

Тарыхтын татаал ашуулары - көз карандысыздыктын 25 жылдыгына арналган КТРКнын жаңы долбоору. Кыргызстан эгемендикке чейрек кылым илгери ээ болду. Тарых белесинен караганда, кыска мөөнөт. Бирок бул жол кыйла узак, булуң-буйткалуу болду. Ар бир жыл бизге эмне алып келди? Биз кандай окуяларды баштан өткөрдүк? Кайсы адамдар, кандай чечимдерди кабыл алды? 25 сериядан турган документалдык тасмабызда эгемендиктин ар бир жылына токтолобуз. Фильм кыргыз жана орус тилдеринде чыгат.