"Ала-Тоо" маалымат программасы: дүйшөмбү, 15.04.2019 (21:00)

126

1. Кыргыз-Герман кызматташтыгын өнүктүрүү аракети.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Германияга жасаган расмий визитинин алкагында соода-экономикалык алаканы жандантып, Кыргызстанда биргелешкен ишканаларды түзүү, туризмди өнүктүрүү багытында кызматташууну бекемдөө боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

2. Өткөн жылы бүтпөй калган иштерди быйыл аягына чыгаралы.

Парламенттин бюджет жана каржы комитети өкмөттүн аткарган ишин канааттандыраарлык деп таап, бир катар тапшырмаларды берди.

3. Өзүм билемдик менен жүргөн курулуштар.

Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн сырткы жасалгасы долбоор менен дал келбейт.

4. Ордолуу Ош шаары 500гө жакын мейманды кучак жайып тосуп алат.

"Ош - Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" аталышындагы эл аралык иш-чара 19-22-апрель күндөрү өткөнү турат.