"Ала-Тоо" маалымат программасы: жума, 03.05.2019 (21:00)

292

1. Тынчтык! Ынтымак! Биримдик! Кыргызстан элинин Ассамблеясынын 25 жылдык юбилейине арналган салтанаттуу азем мамлекет башчысынын катышуусу менен өттү.

2. Эч ким, эч качан унутулбайт! Быйыл Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку төлөнүүчү социалдык колдоо көрсөтүү үчүн Президенттин резервдик фондунан 7 миллиондон ашуун сом бөлүндү.

3. Жогорку соттун коллегиясы Өмүрбек Текебаевдин жана анын партиялашы Дүйшөнкул Чотоновдун жазык ишин жаңы жагдайлар боюнча карады. Анда мүлкүн конфискациялоо түрүндөгү белгиленген жазалары алынып салынды.

4. Бүгүн бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнү. "Чек арасыз кабарчылар" уюмнун рейтингинде быйыл Кыргызстан дүйнөдө сөз эркиндиги боюнча 15 тепкичке жогорулады.