Жумакайрык: жекшемби, 05.05.2019 (21:00)

124

1. Кыргызстан көп улуттуу өлкө. Андыктан мамлекетте элдердин биримдигин, достук ынтымакты чыңдап, улут аралык алакаларды бекемдөө иштери өзгөчө маани ээ. Кыргызстан элдер ассамблеясы өзүнүн чейрек кылымдык мааракесин белгилеп, аткарылган иштерге баа берилди.

2. Кыргызстанда уран маселесине биротоло чекит коюлду. Өлкөдө уран казууга тыюу салуу боюнча өткөн жумада Жогорку Кеңеш токтом кабыл алса, күн мурун президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан экологиялык таза өлкө экенин белгилеп, уран казылбай турганын так кесе айтты.

3. Өкмөт өлкөдөгү санариптештирүү иштерин күчөтүп, өзгөчө мамлекеттик кызматтарды электрондук түрдө көрсөтүүгө чоң аракеттер жасалууда. аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагындааткарылып жаткан иштерди биздин кабарчылар тааныштырат.

4. Бишкек шаарынын мурдагы мэрлери Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматовго козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурумдар уланууда. Азыркы учурда тараптардын көрсөтмөсү угулуп, паракорчулуктун изин табууга аракет жасалууда.

5. Кыргыз спортчуларынын Азия чемпионатында алып келген жеңиштери. Айсулуу Тыныбеков эркин күрөш боюнча Азия биринчилигин ушуну менен үчүнчү жолу утуп алды. Жалпы эсепте алтын, күмүш жана коло медалдары бар.