Жумакайрык: жекшемби, 19.05.2019 (21:00)

173

1. Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүү жана санриптештирүү жылынын алкагында, “Коопсуз шаар” долбоорунун аймагы кеңейтилип, электрондук кызмат көрсөтүү өлкөнүн ар бир айыл, кыштагына чейин жеткирилиши керек. Бул багытта ийгиликтүү ишке ашып жаткан долбоорлорду Ысык-Колдун Балыкчы шаарынын мисалында айтып беребиз.

2. Кыргызстан июнь айында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын кезектеги саммитин кабыл алат. Эл аралык маанидеги ири иш-чарага карата борбор калаада күн түн дебей даярдык иштери жүрүүдө. Саммитке карата Бишкек кандай өзгөрүп жатканын биздин кабарчылар көрүп келишти.

3. Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупциялык иштер боюнча соттук отурум уланууда. Кылмыш ишинин алкагында мурдагы премьер-министрлер баштаган бир катар атка минээрлерге айып тагылган.

4. Май анын үчүнчү жекшембиси Кыргызстанда энелер күнү белгиленет. 2019-жылы “Эне даңкы” медалы менен 470 эне жана “Баатыр эне” ордени менен 1135 эне сыйланды. Көп баланы тарбиялап, аларды ийгиликке жеткирген апалар тууралуу кызыктуу сюжет программанын жүрүшүндө.