Ой ордо: Кыргыз футболунун ийгилиги

339

Эгемендүү мамлекет болгондон бери Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамы Азия Кубогуна алгачкы жолу катышып, турнирдин жарым чейрек финалына чейин жетти. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамы ушул күндөрү Бириккен Араб Эмирлигинде өтүп жаткан Азия Кубогу-2019 турниринен өз мекенине кайтып келди.