"Ала-Тоо" маалымат программасы: бейшемби, 23.01.2020 (21:00)

267

1. 2024-жылга чейин өлкөнүн бардык аймактары 100 пайызга таза суу менен камсыз болот. Айрым аймактарда суу курулмалары жаңыдан тартылса, айрымдарында эскилерин оңдоо иштери жүрүп жатат.


2. 2020-жылы экономикалык жана экологиялык дипломатияны өнүктүрүүгө өзгөчө маани бермекчи. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков билдирди. Айтымында Кыргызстан тышкы саясатты көп тараптуу багытта жүргүзүүнү улантат.

3. Январь айынан тарта тамеки, алкоголдук продукциялар жана бут кийимдерди санарип каражаттар менен маркалоо боюнча пилоттук долбоор ишке кирди.

4. Казнадан калктуу конуштардын башкы планын жана улуттук нормативдик документтерди иштеп чыгууга каражат бөлүнүүдө. Өкмөт курулуш тармагын өнүктүрүүнүн 2030-жылга чейинки стратегиясын иштеп чыкты