"Ала-Тоо" маалымат программасы: жума, 31.07.2020 (21:00)

1371

1. Мусулмандардын негизги майрамы- Курман айт быйыл коронавирус пандемиясы күчөгөн маалга туш келди. Орозо айт намазы сыяктуу эле Курман айт намазы да мечиттерде, аянттарда окулган жок.Онлайн тартипте өттү.

2. Окмөт тарабынан медициналык кызматкерлерге төлөнүүчү кенемте кайра каралып, өлчөмү көбөйтүлүүдө. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.

3. Президенттин колдоосу менен «Ас Салам» коомдук фондунун линиясы боюнча республикага 560 кычкылтек концентратору түрүндө гуманитардык көмөк келди. Алынып келинген кычкылтек концентраторлору өлкө башчысынын тапшырмасы боюнча курула турган жаңы ооруканаларга бөлүштүрүлүп берилет.

4. 10 жылдан бери таза сууга жетпей келген 5 миңдей элге ичүүчү таза суу жеткени турат. Ноокат районунда ашар ыкмасында 2 чоң айылга ичүүчү таза суу түтүгү тартылууда.