Кыргыз спортунун келечектеги жылдыздары

1355

Бешинчи июлдан 17-июлга чейин Саха Республикасында өтө турган “Азия балдары” аттуу 6-эл аралык спорттук оюндарга Кыргызстандан 136 өспүрүм катышат. Бүгүн спорт ордосунда жаш спортсмендерди узатуу аземи болуп, ага вице-премьер-министр Гульмира Кудайбердиева катышты.

14 жаштагы Агата Быковская 7 жылдан бери көркөм гимнастикага катышып келет. Акыркы төрт жылдан бери спорттун бул түрү менен профессионалдуу деңгээлде машыгат. Азия балдары оюндары жаш спортчунун жашоосундагы үчүнчү эл аралык мелдеш болот.

"Азия балдары" эл аралык спорт оюндары 1996-жылы негизделип, төрт жылда бир жолу Саха-Якутия Республикасында өткөрүлүп турат. Быйыл ага 38 мамлекеттен спортчулар катышат. Кыргызстан спорттун 15 түрү боюнча, анын ичинде: баскетбол, бокс, волейбол, эркин курөш, дзюдо, женил атлетика, сууда сүзүү, таэквондо, көркөм гимнастика, футбол, шахмат боюнча 14-16 жашка чейинки балдар кыздарды жиберет.

Узатуу аземинде вице-премьер-министр Гульмира Кудайбердиева өспүрумдөргө ийгиликтерди каалап, Кыргызстан курама командасынын капитаны, таэквондо боюнча спорттун чебери 16 жаштагы Марлен Мамытбековго тууну тапшырды. 

“Азия балдары” оюндары эл аралык олимпиялык комитеттин колдоосу менен өтүп келет. Бул иш чаранын мааниси абдан зор,- дейт адистер. Себеби, ал жаш спортчуларды такшалтып, жаны бийиктиктерге жетүүгө үндөйт.