Жаңылыктар Бишкекте роботтор таймашы болуп өттү 2 Фев, 2017 2197

Персоналдык роботтор бүгүнкү күндө адамды таң калтырбай деле калды: Роботтоштурулган чаң соргучтар, чөп чабуучу машиналар, терезе жана бассейн жуугучтар, ошондой эле өзүн-өзү башкарган унаа каражаттары - мунун баары технологиялык революциянын башталышы гана.

Өзүнүн роботун жаратууга Адис үч айдан ашык эмгектенген. Өзү алгоритм ойлоп таап, программаны иштеп чыгып, сенсорлору жана датчиктери менен пластик конструктордон машина чогулткан.

Ал эми бул - автономдук робот, колу чеберлер аны эки айда чогултат. Ага кыймылга жана түстү аныктоого жооп берген ондон ашык белги бергичтер орнотулган.
Сызыктан чыкпай кошо жарышкан бул жөнөкөй робот жерден башын көтөрбөйт. Анын милдети - алдына бекитилген оптикалык сенсорлордун жардамы менен сызыктын жайгашкан жерин так аныктоо. Мындай датчиктердин көбү чагылышкан жарыкка жооп кайтарат. Келечекте буга кошумча функцияларды кошуп, адамга керектүү бир топ жумуштарды аткартса болот.