• Алия Алмазбекова
  • Мен жөнүндө: Эгер мен дос болсом-туруктуу, түбөлүктүү болом, эгер кызматкер болсом-жоопкерчиликтүү, жөн эле тааныш болсом-сылык мүнөз, ал эми жубай болсом-мээримдүү, сүйкүмдүү болуп, тазалыкты биринчи коем.
  • Ырдоо же бийлөө? Жагымдуу сүйлөгөнүм менен жакшы ырдай албайм, бирок өзгөчө бийлейм.
  • Мен өзүмдү...(эмнеге окшоштурасыз?) Мен өзүм күйүп турган шамга окшошкум келет. Бирок азыр окшойбу, окшошпойбу билбейм. Бирок кайсы бир убакта сөзсүз окшошот.
  • Мүнөзүм: Беттегенимди бербеген, бетке айткан, шайыр, кээде маанай жокто серьезная болуп калам.
  • Сүйлөбөй канча мүнөт жүрө аласыз? Сүйлөбөсө сүйлөбөй деле жүрө берем, өтө эле быдылдак деле эмесмин.
  • Миң кыял FM бул - Менин чоң кыялымдын орундалышы. Кайсы бир учурда Миң Кыял FM-менин кыялым болсо, азыр кызматым. Мен бактылуумун!
  • Мен инстаграмда бармын aliya_almazbekova.95