• Мен Жазгүл Жолдубай кызы
  • Жадыраган жаздын 24дө төрөлгөм.
  • Кесибим боюнча:Балалыгыман бери кыялданган кесибим журналист.
  • Кантип ди-джеей болуп калгам:Менин жашоомдогу ийгилигим ди-джей болгонум.
  • Радиодо болгон кызыктуу окуя:Эфирде ар бир күнүбүз шаң, күлкү жана кызыктуу окуялар менен коштолот.
  • Миң Кыял FMде эфиримди жана кесиптештеримди сүйөм.
  • Мен, эфирде тамашакөй жана энергиялуу, ал эми жашоодо жөнөкөймүн.
  • Эфирден сырткары жактырганым үй бүлөм менен болуу.
  • Сүйүп жеген тамагым:Күлчөтай, анткени камырды жакшы көрөм.
  • Сүйүп ичкен суусундугум шабдалы ширеси.
  • Мени таасирленткен китеп: Касымалы Жантөшовдун “Каныбек” романы. Анткени ал китепти 5-классымда окуп бүткөм.
  • Мен сүйүп угам:Албетте сүйүү жөнүндө ырларды, себеби романтикмин.
  • Мен сүйүп көргөн кино:Мен көбүнчө Латын Американын сериалдарын жактырып көрөм. Алардын ичинен Аргентинанын “Дикий ангел” сериалын кайра кайра көрөм.
  • Өзүм бала кыял мүнөздө болгондуктан, бөбөктөрүмдөн талашып көргөн мультфилимим “Лунтик”.
  • Балалыктагы кыялым:Майами шаарына баруу болчу. Азыр да кыялым өз күчүндө.
  • Жашоодогу негизги максатым абдан чон. Буюурса баарына жетем деп ишенем.