• Мен Расул Мырзатегин
  • Туулган күнүм менен, кычыраган кыштын 25-барагында куттуктасаңар болот!
  • Кесибим боюнча: Дипломат-котормочу, (2-кесибим MBA-Мастер делового администрирование).
  • Кантип ди-джеей болуп калгам: Талантымды көрсөттүм, байкашты, баалашты анан ди-джейликке алышты :).
  • Радиодо болгон кызыктуу окуя: Эфирдеги ар бир программанын жүрүшү, келген коноктор менен болгон маектер кызыктарга бай. Алардын айрымдарын сизге жолукканда айтып берем. Сөз берем :)!
  • Миң Кыял FMде, Миң деген нерселерди суйом.
  • Мен, эфирде шайыр-шайдоот, кыялкеч жана романтикмин, жасалмасы жок, эфирде кандай болсом, жашоодо дагы ошондоймун.
  • Эфирден сырткары жактырганым: Дүйнөлүк адабиятка саякаттап, китеп окуу. Психологиялык китептерди кызыгуу менен барактагандан тажабайм
  • Сүйүп жеген тамагым: Француз Киш Лорени жана ГМО кошулбаган азыктар.
  • Суусундуктардан жер жемиштер менен жалбыз аралашкан чайды жактырам.
  • Мени таасирленткен китеп: Стивен Р.Кови “7 навыков высокоэффективных людей”.
  • Поп жана лаундж музыкасын сүйүп угам.
  • «Биринчи мугалим», «Пока не сыграл в ящик», кинолорун кайталап көрүүдөн тажабайм.
  • Мультфильмдердин фанаты эмесмин. Бирок Том менен Джэррини коруп коем)).
  • Балалыктагы кыялым: Буюрса баардыгы чет-четинен орундалып келет.
  • Жашоодогу негизги максатым: Шаг назад не в моих правилах! Адамсынбы? Айттынбы? Аткар!