Шоу-бизнес жанылыктары

28 , Сент, 10:36 128

Дүйнөдөгү эң кымбат бут кийимдердин коллекциясы тартууланды

image

Дубай шаарынын Бурдж-эль-Араб мейманканасында алтындан жана бриллианттан жасалган дүйнөдөгү эң кымбат бут кийимдердин коллекциясы тартууланды. 

Коллекцияга коюлган бут кийимдердин эң кымбаты 17 миллион долларга бааланды. Андагы бут кийимдер зер компаниялар менен биргеликте жасалган. 

Эң кымбат бут кийимдин учуна 15 караттык бриллиант чапталган. Ал эми бут кийимге чапталган бриллианттардын жалпы саны 236 болгон. 

Бул коллекциядагы эң арзан шиш такалардын баасы 17 000ден 27 000 долларга чейин туруп, алар дагы алтын, бриллиант, рубин, бермет таштар менен кооздолгон.




Категория: Коом

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз