Шоу-бизнес жанылыктары

10 , Окт, 11:39 80

Дүйнөлүк бестселлер “Алхимик” чыгармасы

image

Бразилиялык прозаик жана поэт Пауло Коэльонун “Алхимик” аттуу китеби абдан популярдуу. Ал дүйнө боюнча миллиондогон окурмандардын сүйүктүү китеби болуп саналат. Китеп 1988-жылы жарыкка чыгып, дүйнөлүк бестселлердин катарына кирген. 117ден ашык өлкөдө жарыяланып, эң кызыгы 67 тилге которулган.

 

Жаш кезинде адамдар кыялдангандан коркпойт, анткени ошол убакта баары оңой эле болуп кетчүдөй сезиле берет. Бирок убакыттын өтүшү менен ал нерсенин сырдуу күчү сезилип, адамдардын каалоолору мүмкүн эмес  экендигине ишенишет. “Адамдын чыныгы милдети - бул өз максатына жетүү” - деп Пауло Коэльо айткан экен. Дал ушул нерсени автор өзүнүн китебинде далилдейт. 

Китептин сюжети тууралуу кыскача маалымат бере турган болсок, романдын башкы каарманы койчу Сантьяго жашоосунун 11 жылын алхимияга тартуулайт. Бир күнү ал түш көрөт. Түшүндө Египет пирамидаларына чакырып, жашырылган кенчтерди изде деген белги берилет. 


Андан соң ал бир кары киши Салима падышага жолугат. Салима падыша каарманга Урим жана Туммим деген 2 таш карматып, Египетке барышын сунуштайт. Ал таштар Сантьягого көптөгөн сыноолорду жеңгенге жардам берээрин билдирет дагы Египетке узатат. 

Башкы каарман өзүнүн койлорун сатып, бардык каражатын коротуп, Африканы сүзүп өтөт.  Ал хрусталь саткан соодагерге жардамчы болуп иштеп жүрүп, өзүнө каражат таап, пирамидалар жакты көздөй жөнөйт. Сапардын жүрүшүндө алхимия тууралуу түшүнүгү бар англичан менен жолугат. Андан кийин ал чыныгы алхимикке жолугуп, алхимияны үйрөнөт. 


Алхимик каарманга “Жашоонун маңызын” билүүгө жана өз тагдырынын жолу менен кетүүгө үйрөтөт. Соңунда Фатима аттуу кызга жолугуп, аны жакшы көрүп калат жана эң негизгиси катылган кенчтерди табат. Бирок Египеттен эмес, өзүнүн мекени Испаниядан. Башкы каарман тагдыры даярдаган бардык сыноолордон сынбай, канча деген кыйынчылыктарды жеңип өтөт. 



Категория: Коом

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз