Шоу-бизнес жанылыктары

11 , Окт, 15:51 147

Кирпиги 4.3 сантиметрге жеткен бала

image

Россиядагы 11 жаштагы Муин Бачонаевдин кирпиктеринин узундугу 4,3 сантиметрге жетти. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Өспүрүмдүн ата-энеси-Тажикстандан Орусияга көчүп барган жашоочулар. Алардын айтымында, Муин төрөлгөндө эле узун кирпиктери көңүлдү бурган. Бала чоңойгон сайын кирпиктери да кошо узара берген. Кирпиктин узуну 3,5 сантиметрге жеткенде Россиянын рекорддор китебине кирген. Ал эми учурда кирпиктеринин узундугу 4,3 сантиметрди түзөт.


Баланын атасы Зайдуллонун айтымында, Муинди бир катар дарыгерлерге көрсөтүшкөн. Бирок алар баланын ден соолугу жайында экенин, болгону генинде узун кирпиктүүлөр болгонун айтышкан. Ал эми Муин Бачонаев узун кирпиктер ага эч кандай тоскоолдук жаратпай турганын билдирген.


Категория: Дүйнө жаңылыктары

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз