Шоу-бизнес жанылыктары

15 , Окт, 10:28 362

Улгайган айым 236 жыл мурун жазылган сүйүү катын таап алды

image

Улуу Британиянын Стаффордшир шаарында жашаган 73 жашар Энн Итон аттуу айым 1782-жылы жазылган сүйүү катын кокустан таап алды.

Алардын үйүндө муундан муунга берилчү Георгиана доорунан бери сакталып келе жаткан баш катырма конверт бар болчу. Мындай конверт XVIII кылымда популярдуу болгон.


Көпчүлүк учурда алар сүйүү каттарын жазганда, сүйүктүүсүнүн колун сураганда колдонушчуу. Ал учурда сүйүүсүн ыр саптары жана көгүчкөн менен таш баканын сүрөттөрү менен билдиришкен. Жүрөктүн сүрөтү чапталган конверт кат жазган адамдын жүрөгүнүн символу болгон.

Энн тапкан конверт апасынан калган мурас болчу, аны буга чейин эч ким ачкан эмес. Улгайган айым аны ачып, барактын ичинен жүрөк жылыткан катты көргөн. Анда ашык болгон жаш жигит кызына сүйүүсүн билдирген.


"Сүйүктүүм менин! Сиз колуңузда кармап турган жүрөк конвертти ачканда сынып кетет. Менин сүйүүгө толгон жүрөгүм да жараланып, сынып калган" -деп башталган кат.

Жаш жигит сүйүктүү кызы анын жалгыз бакыты экенин айтып, бардык атаандаштарын жанына жолотпоосун суранган. Жигит сүйүктүүсү ага турмушка чыкмайынча артынан калбай турганын белгилеген.

Өткөн доорго таандык сүйүү катын улгайган айым аукционго коюп 200 фунтка (17,3 миң рубль) баалоону туура көргөн. Аукцион бүгүн башталат.

Категория: Дүйнө жаңылыктары

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз