Шоу-бизнес жанылыктары

6 , Июнь, 14:32 264

Бред Питт “Жылдыздарга” аттуу фантастикалуу фильмде башкы ролду жаратты

image

Бред Питт башкы ролду жараткан “Жылдыздарга” аттуу фантастикалуу кинофильмдин трейлери чыкты.  


 “Новости кино” порталы эң алгачкылардан болуп  “Жылдыздарга” аталышындагы фантастикалуу кинофильмдин трейлерин чыгарды. Фильмде башкы ролду атактуу голливуд актеру Бред Питт аткарды. Кинонун сюжетинде Америкалык астронавт Рой Мак Брайд сырдуу изилдөөлөрдү жүргүзүү жана атасын издөө үчүн космоско учат. Кызыктуу сюжет камтылган кинону жакында бардык кинотеатрлардан көрсөңүздөр болот. Актер Бред Питтин күйөрмандары үчүн бул кинону көрүү менен бирге чоң экрандан актерду дагы көрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Кино боюнча 2020–жылдагы Оскар сыйлыгына алгачкы лауреаттар жарыяланды.


Кино боюнча 2020–жылдагы Оскар сыйлыгына алгачкы лауреаттар жарыяланды. Талапкерлерди Америкалык кино академиясы көрсөттү. Алар голливуд актерлору  Джин Девис жана Уэс Стади, режисссер Девид Линч жана сценарист Лина Вертмюллер. Ардактуу сыйлыктарды тапшыруу аземи ушул жылдын 27-октябрында өтөт. Ал эми “Оскар 2020” аталышындагы аземдин башкы бөлүгү 2020-жылдын февраль айына пландалган.

Белгилүү түрк актрисасы Ханде Эрчел жакында тайэже болот.


Белгилүү түрк актрисасы Ханде Эрчел жакында тайэже болот. Азыркы учурда актриса аябай бактылуу жана кубанычта экенин чет элдик басылмаларга билдирди. Анын айтымында бир тууган эжеси азыркы учурда кош бойлуу. Алар сүрөтүн инстаграмм баракчасына жарыялап атайын билдирме жазып чыкты. Эскерте кетсек, Ханде Эрчел көптөгөн белгилүү түрк сериалдарында башкы ролду жаратып, популярдуу болгон.  


Категория: Маданият