Шоу-бизнес жанылыктары

2 , Июль, 11:19 406

Бек Борбиев "Гуля" аттуу айымдарга ыр арнады

image

Бек Борбиев жаңы ырын жарыкка чыгарды

КР эмгек сиңирген артисти, ырчы жана обончу Бек Борбиев "Гуля" аттуу айымдарга ыр арнады. Бул ырга тамашалуу клип дагы тарттырып коомчулукка, күйөрмандарына тартуулады. Буга чейин көптөгөн айымдарга ыр арнап келген ырчы дагы да болсо, көп ысымдуу айымдарга ыр арнай берээрин билдирди. Белгилей кетсек, ырчы "Жамийла", "Асел", "Айзада", "Сауле", "Эркинай", "Айгерим", "Айдай" аттуу ысымдуу айымдарга ыр арнап, ырдап келген.


Ырчы Айжан Газиева "Ai dolls" аттуу топко продюсер болууда

Көптөгөн жаш таланттуу жеткинчектерди тарбиялап, чоң сахнага алып чыгып жүргөн ырчы Айжан Газиева өзү жетектеген жаңы "Ai dolls" аттуу топ ачты. Кыздардан түзүлгөн топ алгач эле "Ai dolls" аттуу жаңы ырын элге тартуулады. Бул ырга заманбап стилде клип дагы тартылган. Белгилей кетсек, Айжан Газиева кыргыз музыкасында жагымдуу үнү менен джаз стилиндеги ырларды ырдап, өзүнүн өжөрлүгү, эмгекчилдиги менен шоу бизнестен өз ордун тапкан ырчы. Ошондой эле талантын ташкындатам деген жаштар үчүн студия ачып, вокалдан сабак берет.  Заманбап техникалар менен жабдылган студиядан сабак алгандар бир гана ырдоону үйрөнбөстөн, мыкты хореографтардан да сабак алышат.


Рэп ырчысы Бегиш жеке концертин берет

Кыргыз шоу бизнесиндеги эң алдыңкы рэп аткаруучулардын бири Бегиш жакында эле "Кара тору" аттуу альбомун презентациялады. Ошондой эле өзүнүн сүйүктүү жубайы Толгонайга арнап "Бейби, жаным" аттуу ырын жарыкка чыгарды. Көпчүлүк интернет булактарында бул ырлар талкууга алынганына карабастан клип тарттырып жакында күйөрмандарына тартуулайт. Рэп ырчысы Бегиш сентябрь айында жеке концертин берүүнү пландоодо.


Категория: Маданият

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз