«МУЗЫКА» телеканалы жөнүндө

МУЗЫКА– 2012 жылдын 1-октябрынан тарта иштеп келе жаткан Кыргызстандын эң негизги музыкалык телеканалы. Бул мезгилде МУЗЫКАнын эфиринен Кыргызстан жана чет элдик ырчыларынын эң саркеч клиптерин, ошондой эле Хит-Парад жана башка кызыктуу көрсөтүүлөрдү көрө аласыздар.

МУЗЫКА –бул музыкалык каналдар арасынан санарипке кирген жалгыз телеканал болгондуктан Кыргызстандын ар-бир жашоочусуна жеткиликтүү телеканал. Бул жагдай аркылуу, телеканалдын аудиториясы Кыргызстандын 98% көрүүчүлөрүн камтыйт. Ошондой эле МУЗЫКА спутник жана кабелдик түйүндөр аркылуу да тартууланып келет.

Бүгүнкү күндө “Музыка” каналы – кыргыз аткаруучуларынын хит ырларын, эң мыкты клиптерин жана концерттерин, ошондой эле музыкалык жана кызыктуу көрсөтүүлөрдү музыка сүйүүчүлөрүнө тартуулап келет.

«МУЗЫКА» телеканалынын СЫЙЛЫГЫ

2015-жылдан тартып, телеканал тарабынан уюштурулган кыргыз шоу-бизнесинин эң чоң, маанилүү жана престиждүү аземи. Бул элдик тандоо. Анткени мыктылар көрүүчүлөрдүн добушу аркылуу тандалып келет. Сыйлыктын ээси болууга жаш аткаруучулардан тартып, улуу муундун өкүлдөрүнө чейин кызыкдар. “Музыка” телеканалынын сыйлыгын тапшыруу аземи, өлкөбүздөгү белгилүү инсандардын катышуусунда өткөрүлөт.