Фоторепортаждар

Аваз Акимовдон абаздуу ырлар күйөрмандарына тартууланды
27 Окт, 2016
633

Кечээ,  борбор калаадагы Кожомкул атындагы спорт ордосунда  Аваз Акимовдун шоу-концерти болду. Концерттин ачылышы ырчынын тестиер кезиндеги аккордеон менен ырдаган ырлары жазылып алынган видео менен башталды.

3 саатка жакын созулган Аваздын шоу концертине  кичине кезинен тарбиялап, ырчылык өнөргө шыктаган устаты, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев жана сахналаш теңтуштары Нурмат Садыров, Нурлан Насип, Данияр Эрматов, Данияр Исмадияровдор келип ыр тартуулашты.

Аваз Акимовдун абаздуу ырларын коштогон күйөрмандары шаңдуу олтурушту. Мындан тышкары катышкан ырчылар арасында оюн ойнотулуп, залга жагымдуу маанай тартуулашты.