Клиптер

Жумакайрык: жекшемби, 28.04.2019 (21:00)
28 Апр, 2019
151

1. Жогорку Кеңеш өкмөттүн жылдык отчетун жактырды. Эл өкүлдөрү аткаруу бийлигинин ишин канааттандыраарлык деп тапты.

2. Элдин эркине каршы иш жасалбайт. Кызыл-Омполдогу уран кенин иштетүү биротоло токтотулуп, лицензия артка кайтарылып алынды.

3. Кыргызстан Жибек жолунун санариптик инфратүзүмүн өнүктүрүү боюнча эл аралык демилгелерди кубаттайт. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдагы “Бир алкак, бир жол” форумунда белгиледи.

4. Мектептеги акча чогултуу токтотулсун. Окуучулардын ата-энелери ыктыярдуу да, мажбурлап да каражат топтоого нааразы.

5. Айсулуу Тыныбекова үчүнчү ирет Азиянын чемпиону болду. Бул ирет алтын байгени Кытайда багындырды.