Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңеши

Маанилүү

КТРК: Байкоочу кеңештин кезектеги жыйыны
23 Дек, 0:00 444

image

КТРКнын Байкоочу кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Анда негизинен, Байкоочу кеңештин мүчөлөрү менен КТРКнын кызматкерлеринин Баткен жана Ысык-Көл облустарына болгон иш сапары жана каналдын элеттеги көрүүчүлөрү менен болгон жолугушуулар талкууланды. Байкоочу кеңештин төрагасы Абды Сатаров КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековго, көрүүчүлөр тарабынан айтылган сын-пикирлерди жеткирди. Анын ырасташынча, элеттиктер өлкөнүн башкы каналдарынын биринде жер-жерлердеги жакшы жаңылыктар көбүрөөк берилишин талап кылууда. Маселен,  Ысык-Көл облусунун тургундары туристтик сезонго карата, эс алуучу жайлардын, пансионаттардын, дегеле жай мезгилиндеги ишмердүүлүк тууралуу кенен чагылдырууну өтүнүүдө. 

"Эгерде шашылыш окуя болуп калса берсе болот. Же аймак-аймакка бөлүп - бөлүп туруп, мына бүгүн сен, эртең сен чыгасың деп даярдап. Тамара Хусеиновна айткандай, тематикасы менен айтса болот. Мен ишенем башкы редактор ошондой эле иштеп жатат, бирок муну активдештириш керек, алардан талап кылыш керек",- деди КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Абды Сатаров.