Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңеши

Маанилүү

Байкоочу кеңеш “Кыргызтелефильмдин” базасын карап чыкты
23 Дек, 0:00 536

image

КТРКга караштуу “Кыргызтелефильмдин” базасын чыңдоого көңүл бурулат. Мындай маалыматты каналдын Байкоочу кеңешинин жыйынында КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков билдирди. Анын айтымында, киностудиянын материалдык-техникалык базасы жаңыланууга муктаж. Тагыраак айтканда, транспорт, монтаж столдору жана чыгармачыл павильондор жаңыртылышы керек. Учурда киностудиянын бюджети чакан. Бирок ага карабастан “Кыргызтелефильмдин” режиссёрлору эл аралык кинфестивалдарда байгелүү орундарды жана башкы байгелерди утуп алууда.

Башкы директор КТРКнын 4-кабатында жайгашкан кинотеатрды да калыбына келтирээрин убада кылды. Ал эми Байкоочу кеңештин мүчөлөрү өлкөдөгү башкы канал болгон КТРКда ата-мекендик кинотасмалар көрсөтүлүшү керектигин айтышты.

Ошондой эле, жыйында Редакциялык кеңешчинин жылдык отчету менен Н.Мамытованын, Ч.Садыгалиеванын арыздары каралды.