Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңеши

маанилүү

КТРК БК: илим боюнча берүүлөр көп болсун
23 Дек, 0:00 381

image

Коомдук телерадио берүү корпорациясы - инновациялык жана илимге байланыштуу берүүлөрдү көбүрөөк көрсөтүшү керек. Бул тууралуу, КТРКнын байкоочу кеңешинин кезектеги жыйынында айтылды. Жыйында айтылгандарга караганда, учурда Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары бир катар илимий ачылыштарды жасаган. Бирок алардын эмгеги телеканалдардан чагылдырылбай жатат.

Ошол эле учурда илимге байланыштуу берүүлөр жаңы ыкмада берилиши керектиги айтылды. Мындан тышкары, Байкоочу кеңештин мүчөлөрү, каналдын социалдык-экономикалык студиясынын жана инновациялык берүүлөрдүн ишмердүүлүгүн карады.

Отурумда ошондой эле, каналдын азыркы редакциялык кеңешчиси Тамара Валиеванын мындан аркы иштөө мөөнөтү каралып, ал дагы 2 жыл иштей турган болду.