Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңеши

Маанилүү

КТРК Байкоочу кеңешинин отчету каралды
24 Март, 7:31 5977

image

Коомдук телерадио берүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин төрагасынын бир жылдык отчету алымча кошумчасы менен канааттандыраарлык деп табылды. Төрага Абды Сатаров Байкоочу кеңеш өткөн жылы 14 жолу жыйын өткөрүп, биринчи каналдын ар тараптан өнүгүүсүнө салымын кошконун билдирди. 

Жыйындын катышуучулары бир жыл аралыгында концерттик студия, “Замананын” жана “Маданият” телеканалы сыяктуу бир катар студиялар капиталдык оңдоодон өткөрүлгөнүнө токтолду. Корпорациянын башка бөлүмдөрүн кошкондо жалпысынан 16 миң чарчы метр аянт оңдолду жана дагы уланууда. 

Отурумда ошондой эле, жаштар редакциясынын өнүгүү стратегиясы каралды. Айта кетүүчү жагдай Биринчи канал үчүн эмес, кыргыз тарыхында алгачкы ирет “Спорт” каналы ачылып 24 саат бою обого чыгууда. Ошондой эле, Байкоочу кеңештин мүчөлөрү мүчүлүштүктөр да бар экенине токтолду. Алардын айтымында өзгөчө кадр маселеси орчундуу.

 Маселен, техникалык кызматкерлердин маянасы жетиштүү болбогондуктан айрым кызматкерлер жумушун алмаштырууга аргасыз болуп жатканын . Ал эми төрага Абды Сатаров жаңы теле берүүлөрдүн башталганы жакшы, бирок анын убактылары так болсо деген сунушун айтты.