Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңеши

Маанилүү

КТРК: Байкоочу кеңеш башкы директор кызматына талапкерлердин жабык конверттеги документтерин ачышат
14 Фев, 16:22 1215

image

2019-жылдын 18-февралында КТРКнын Байкоочу кеңешинин жыйыны өтөт. Анда Кеңештин мүчөлөрү КТРКнын башкы директор кызматына катышуучу талапкерлердин жабык конвертте берген документтерин ачышат. Жыйын саат 17.00 башталып, ачык өтөт. 

Эскерте кетсек, КТРКнын Байкоочу кеңеши 2019-жылдын 18- январында Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору кызматына ачык сынак  жарыялаган. Сынакка катышуучу талапкерлер КТРКнын  Байкоочу кеңешинин катчылыгына 2019-жылдын 18-февраль күнү саат 17.00гө чейин документтерин  жабык конвертке салып, “КТРК КР башкы директору кызматы сынагына” деген белги менен жөнөтүү керек. 

Аккредитацияга байланыштуу суроолор боюнча 0312 65 67 21,0312 39 24 04 номерлери аркылуу байланышсаңыздар болот.