Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңеши

маанилүү

Байкоочу кеңештин отчету жактырылды
1 Июнь, 21:58 1126

image

POST1RIGHTЖогорку Кеңеш Коомдук каналдын Байкоочу кеңешинин КТРКнын 2015-жылда аткарган иши тууралуу отчетун жактырды. Мындай чечим палатанын жалпы отурумунда кабыл алынды. Талкуу маалында КТРКнын жетишкендиктери менен  кемчиликтери айтылып, эл өкүлдөрү тарабынан  сунуштар да берилди.

POST2LEFTАткарылган иштер туурасында Байкоочу кеңештин төрагасы Абды Сатаров баяндама жасап, корпорациянын негизги жетишкендиктери менен көйгөйлөрүнө токтолду. 2015-жылы Коомдук каналда санариптик “Маданият.Тарых.Тил” жана КТРК “Спорт” каналы ачылды.  Элеттеги элдин  көйгөйлөрүн чагылдырган түз эфирдеги талкуулар менен атайын репортаждарда коомдун орчундуу маселелери көтөрүлүп жатканы белгиленди. Автопарк жаңырып, оңдоо иштери жүргүзүлдү.

Талкуунун соңунда палата Байкоочу кеңештин КТРКнын 2015-жылда аткарган иши тууралуу маалыматын жактырды.