Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңеши

Маанилүү

КТРКнын бюджети бекилди
1 Июль, 16:29 1026

image

Байкоочу кеңеш Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын бюджетин бекитип берди. Кече жыйынга чогулган байкоочу кеңештин толук курамына КТРКнын 2017-жылга карата бюджети сунушталды. Анда байкоочу кеңештин мүчөлөрү бардык жагдайлар боюнча макул экендиктерин билдирип, бир гана Орусиянын каналдарын трансляция кылууга төлөнгөн каражат коомдук каналдын бюджетине кирип калганына каршы пикирлер айтылды. 

Өз кезегинде менеджмент бул эл аралык макулдашууларга ылайык ишке ашып жатканын билдирип, бюджеттен аны алып салууга укук жок экенин белгиледи. Жыйынтыгында келерки жылы КТРКда өзүнчө беш канал толук кандуу иштейт жана алардын ичинде Ала-Тоо 24 жаңылыктар кызматы да күнү түнү эфирде болот. Буга байланыштуу каралып жаткан бюджетте гонорардык капчыкты көбөйтүү да көрсөтүлгөн. 

Коомдук каналдын менеджментинин мындай сунушу менен макул болгон байкоочу кеңеш, журналисттердин айлык маянасын көтөрүү боюнча премьер-министрге жана Жогорку Кеңешке кат жолдомой болду. Белгилей кетсек бүгүнкү күндө Коомдук каналдын жалпы бюджетинин 17 пайызын гана айлык маяна түзөт.