Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңеши

Маанилүү

Жылдыз Бакашованын «Ала Тоо 24» каналынынын ачылышына карата куттуктоо сөзү
16 Сент, 3:58 231

image

КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрайымы Жылдыз Бакашова «Ала Тоо 24» каналынын ачылышы менен Коомдук телерадио корпорациясынын кызматкерлерин куттуктады. 

Куттуктоо сөзү:

Урматтуу  кесиптештер!

 

Байкоочу Кеңештин мүчөлөрүнүн атынан, өзүмдүн атымдан 24 сааттык «Ала-Тоо» каналынын ачылышы менен ак дилимден куттуктап коюуга уруксат этиңиздер!

Бүгүнкү күндѳ теледеги жаңылыктар коомубуздун күзгүсү, ѳлкѳбүздүн саясий-экономикалык ал-абалы, үнү, анын портрети. Телекөрсөтүү кандай болсо, коом да ошондой деген адилет чындык бекеринен чыкпаса керек.

Бүгүн мен “Ала-Тоо 24” каналы ачылып жатканда кесиптештеримдин алдына ар бир Кыргызстандык туура маалымат алуучу булак деп КТРКны гана эсептегидей болушуна жетише алсак, баардык жарандарыбыз ошол туура маалыматтардын негизинде туура чечимге келгидей жетише алсак деген чоң максатты койгум келет, ошондой эле каналдын социалдык миссиясы катары жарандын өз пикирин билдирүү укугу жана маалыматка коомдук керектөө укугу жанаша жашоосун камсыз кылуусу керек деп белгилегим келет. Демек, ачылып жаткан жаңы каналдын тарыхый милдети–республикада маалымат берүүнүн баштоочусу, жол көрсөткүчү болушу керек.


Байкоочу кеңеш ар дайым белгилегендей, техникалык сапат эмес, мазмун жагы маанилүү. Ачылып жаткан каналда элди өзүнө тартып, конкуренцияга туруштук бере алышы үчүн маалыматтын сапаты абдан маанилүү, кѳрүүчүлѳрдүн суроо-талабын канааттандыруу, алардын кызыкчылыгын арттырган эң жогорку интеллектуалдык чеберчиликте, маданияттуулук менен, бийик эстетикалык табитте жаралган, актуалдуу, оперативдүү, кызыктуу жаңылыктарды даярдап берүү, бүткүл калкыбыздын кызыкчылыгын эске алуу менен, өлкөбүздүн этникалык, улуттук, маданий ар түрдүүлүгүнө маани берип, ишенимдүүлүк менен калыстыкты, объективдүүлүк менен, пикирлердин ар түрдүүлүгүн, редакциялык көз карандысыздык жана профессионализмди, улуттук кызыкчылык жана башка улуттардын теңчилик принциптерин сактоо милдети алдыбызда турат.

Байкоочу Кеңеш Редакциялык көз карандысыздыкты “Ала-Тоо 24төгү” эң маанилүү фактор деп эсептейт. Ошондуктан “Ала-Тоо 24тө” иштей турган ар бир журналист үчүн программаларды даярдап, чыгарып, обого алып бара турган ар бир кызматкерлер үчүн редакциялык саясатты түшүнүү жана кармануу башкы милдет болуп саналат. Канал жаңылыктарды элибизге опeративдүү гана жеткирбестен, алар бири-бирин кайталабай  обого түз чыгуу өзгөчө профессионалдуу болсо, актуалдуу темаларга арналган «Атайын репортаж», «Атайын чыгарылыш» же эксклюзив интервьюларды жалгыз гана борборлордо даярдалбастан,  өлкөбүздүн ар бир аймактарында болуп жаткан маанилүү окуялар да элге жетип турса дейбиз.

Ооба, жаңы телеканалыбыз кызыктуу жана  сапаттуу болуп,  кѳрүүчүлѳр күтүп кѳрѳ турган,  атайын репортаждарды саясий-экономикалык, спорттук жаӊылыктарды оперативдүү кѳрсѳткөн,  ар бир жаранга тартуулаган кѳрсѳтүүсү катардагы кѳрүүчүнүн кѳӊүлүн буруп, мезгилдин күрөө тамырын кармап турган маалымат даярдап берүү бүгүнкү күндүн талабы.

Өзгөчө өлкөбүз санариптик берүүгө өткөн кезде, конкуренция мурдагыдан алда канча эсе күчөп жатканда,  КТРКда кескин реформалар болушун баары тең күтүп жаткан кезде башка телеканалдарга салыштырганда атаандаштыкка туруктуулук  канчалык деген суроо туулат?

Мына ошол конкуренцияга туруштук берүү маселеси тууралуу, учурдан пайдаланып, айта кетким келет. Байкоочу кеңеш бүгүн бир гана максатты көздөп жатат. КТРКда коомдук мааниси бийик, маалымат фактыларына жана анык булактарына негизделген сапаттуу контент болсо, калыстык, бейтараптык, ой-пикирлердин тең салмагы жана ар түрдүүлүгү,  принциптери бекем сакталса жана финансылык, чарбалык ачык айкындуулук болсо. Мына  ушул гана максатта Байкоочу Кеңеш КТРКнын ТВ программаларына жүргүзүлгөн үч айлык мониторингдин негизинде, эгер мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдаланса КТРКнын потенциалы мындан да абдан жогору  экендигине ынандык жана ушул айдын аягына чейин бир топ конструктивдүү сунуш пикирлерибизди эмгек жамаатка сунуш этмекчибиз.

КТРКда жетиштүү сандагы техника бар, кызматкерлер бар, бирок ошондо да  КТРК сапат жагынан да, өнүгүү жагынан да биринчи орунда болушу үчүн,  өлкөнүн бүткүл телекөрсөтүүчү каналдары үчүн баштоочу, жол көрсөтүүчү катары алдыда болушу үчүн профессионал кызматкерлерди сактоо, колдоо керек жана дагы да мыкты кесипкөй журналисттерди тартуу керек.

КТРКда менеджмент телекорпорацияны акча, техника менен эле эмес, профессионал кызматкерлерди сактап, колдоп, чыныгы профессионалдар менен дагы камсыздай алса деген тилегимди билдиргим келет, Байкоочу Кеңеш буга чейин да жана мындан ары да чыныгы кесипкөй профессионалдар гана контенттин сапатын жана маанилүүлүгүн жогорулатат деп белгилеп келген.

КТРКнын өзүндө квалификацияны жогорулатуучу ички системасы болушу керек. Эмне үчүн жеке менчик телеканалдарда  тың журналисттер чыгып атышат? Анткени, аларда ушул журналисттерди окутуп такшалтууга убакыт, күч-каражат жумшап атышат, журналисттерди ар кандай тренингдерде өзүнүн деңгээлин жогорулатууга аргасыз кылышат, антмейинче мыкты адистерди тарбиялай албайсың. КТРКда кесипкөй чоң эмгек жамааты бар, ошого жараша өзүн көрсөтө алган чыгармачыл адамдар үчүн жакшы, таза атаандаштык өнүгүүчү шарттарды, ачык айкын системаны түзүү багытында менеджментти өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл буруу зарыл. Бирок бул иште адамдардын тагдырын абайлап, кылдаттык менен чечилсе деген тилек билдирет элем.

“Ала-Тоо 24” каналы, саясий пропаганданын куралы эмес, мамлекетибиздеги позитивдүү өзгөрүүлөрдү чагылдырган, социалдык, билим берүүчү, маданий программаларга көбүрөөк көңүл бөлгөн, коомубузда көрүүчүгө таасын маалымат берип гана эмес, элибизге күн сайын экрандан угулган сөздөрдүн жатык жана жетик тили менен, андагы алып баруучулардын чыныгы интеллигенттик манерасы менен эмне жакшы, эмне жаман деген туура жүрүм-турум трендин түзө алган, коомдун маданиятын калыптандырган, элибизди жакшылыкка, руханий тилектештикке  бурган  канал болсо экен деген Байкоочу Кеңештин бардык мүчөлөрүнүн тилегин билдиргим келет!

Майрамыңыздар менен!