Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңеши

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамы

Жыпар Жекшеев / КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы

Филология илимдеринин доктору, профессор. Кыргыз мамлекеттик улуттук Университеттин журналистика бөлүмүн бүтүрүп, кийин илимий даражаларын жактаган. КМУда окутуучу, кафедра жетекчиси жана декан, Жогорку Кеңеште эксперт, Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык академиясында проректор болуп иштеген. Учурда улуттук китепканынын директору. 2010-жылы дайындалган биринчи байкоочу кеңештин мүчөсү. Байкоочулар кеңешине Жогорку Кеңеш тарабынан сунушталган.

Жылдыз Бакашова

Анатай Омурканов

Акын жана жазуучу. Бир нече жыйнактардын автору. “Советтик Кыргызстан” гезитинде, “Кыргызстан” жана “Адабият” басылмаларында иштеген. Кыргызстан жазуучулар союзунун мурдагы жетекчиси. Байкоочулар кеңешине президент тарабынан сунушталган.

Игорь Шестаков

Медиа-окутуучу, саясат таануучу. Орусиялык Гуманитардык университеттин юридикалык факультетин бүтүргөн. Журналисттик ишмердүүлүгүн «Вечерний Бишкек» гезитинен баштаган. ОРТнын “Время” берүүсүнүн өз кабарчысы, “Интерфакс” маалымат агенттигинин Кыргызстандагы бюросунун шеф-редактору, «Российская газета» басылмасынын Борбор Азия боюнча боюнча өкүлчүлүгүнүн директору, «КирТАГ» маалымат агенттигинин башкы редактору болуп иштеген. Учурдааналитикалык «Регион.kg» сайтынын башкы редактору. Байкоочулар кеңешине президент тарабынан сунушталган.