http://www.ktrk.kg/Балдардын аң сезимине терс таасир берген мультфильмдер

Балдардын аң сезимине терс таасир берген мультфильмдер

24 Янв 2017 , 23:20 6473

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Балдарыңызга кандай мультфильмдер жагарын билесизби? Албетте “Маша менен Аюу” жана башка дагы көп күлкүлүү тасмалар. Бирок булар балдардын аң сезимине терс таасир берет, - дейт адистер. Балдарды кубантып, шаң тартуулаган мультфильмдердин тарбиялык мааниси кандай?  Бири түрү суук желмогузга айланса, бири өмүрүн тобокелдикке салат. Анан албетте, көпчүлүк балдардын көңүлүнө жаккан “Маша менен Аюу” мультфильми. Бул балдар үчүн тартылган тасмада тентек кызды көрүп, токой жырткычы артын карабай качканын көргөн балдардын өсүүсүнө жакшы деле таасир тийгизи бербейт, -дейт психологдор.
Психологдордун айтымында, 3 жашка чейинки балдарга сыналгы көрсөтүүгө болбойт. Ал эми андан жогору курактагыларга күнүнө жарым саат убакыт жетет. Бул ыкманы бекем карманган Алтынай Акматова сыналгыдан көрсөтүп жаткан мультфильмдерге ишенбейт. Ал өзү биринчи карап, андан соң балдарына көрсөтөт.
"Алтын балык." Бул жомокту укпаган адам жоктур. Мындай тарбиялык мааниси зор мультфильмдерди бала бакчалар көрсөтүп баштады. Алгач жомогун айтып, андан соң гана экранга коюлат.
 Балдарга тарбия берүүдө сыналгы, жомок - булар ата-эненин мээримине жетпейт. Дайыма балдарды менен тыкыз байланышта болуп, пикир алышуу өспүрүмдөргө дем берет жана ыймандуу, адептүү болушунун көрөңгөсү болот.


Новости по дате