http://www.ktrk.kg/Жаш сүрөтчүлөрдүн ийгиликтери

Жаш сүрөтчүлөрдүн ийгиликтери

25 Янв 2017 , 10:53 3495

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандын жаш сүрөтчүлөрү эл аралык сынактардан алдыңкы орундарды багынтып келүүдө. Балдар тарткан мыкты сүрөттөр ири компаниялар тарабынан жылнаамаларга чейин басылууда. Түрдүү сынактардан жеңиш алып келген жаш сүрөтчүлөрдүн мыкты эмгектери “Өз колубуз менен үй куруп алабыз” деген аталыштагы көргөзмөгө коюлду. 

Сезим Жумакадырова тарткан сүрөт ири компаниянын жылнаамасына түштү. Сүрөтчүлүктү сүйгөн Сезим жыл башындагы бул жеңишин ата-энеме арнайм деп сүйүнөт. 

Вероника Чумачок Кытайда өткөн ири сүрөт сынагында алдыңкы орунду алган. Түрдүү өлкөлөрдөн жиберилген эмгектердин арасынан Верониканын тарткан сүрөтү кытайлык комиссиянын купулуна толуп, атайын диплом да берип жиберишкен.

Жаш сүрөтчүлөрдүн жеңиштери “Өз колубуз менен үй куруп алабыз” деген сүрөт көргөзмөдө белгиленди. Анда 5тен 15 жашка чейинки сүрөтчүлөрдүн 80ден ашуун эмгектери коюлду. Иш-чара “Балажан” республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборунда өттү. 

Балажан” чыгармачылык борбору 20 жылдан бери Кыргызстандын чар тарабынан келген балдарды көркөм өнөргө үйрөтүп келет. Бул жерде жаш дизайнер, архитектор, сүрөтчүлөр, сөз чеберлери жана түрдүү өнөрдүн ээлери тарбияланат. 


Новости по дате