http://www.ktrk.kg/Улуттук гвардия башкы штабдын карамагына өттү

Улуттук гвардия башкы штабдын карамагына өттү

26 Янв 2017 , 22:55 3687

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өлкөдөгү Куралдуу Күчтөрдүн айланасында акыркы өзгөрүүлөр аскер реформасынын негизги бөлүгү болуп саналат. Президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен кургактагы аскерлер түзүлүп муну менен катар эле Куралуу күчтөрдүн курамында асман чабуулунан коргоо күчтөрү жаралды. Улуттук гвардия болсо мамлекеттик макамынан ажырап Башкы штабдын курамына кирди. Эми мындан ары өлкөдөгү аскердик тармакты башкы штаб башкарат.

Мамлекет акыркы жылдары армияга көңүл буруп бир топ өзгөрүүлөр жүрүүдө. Куралдуу Күчтөрдү жана аны башкаруу системасын түп тамырынан бери өзгөртүү жумуштары өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Аскердик реформанын алкагында президент чечимдерди кабыл алып, бул тармакта өзүнчө аскердик жаңы күчтөр түзүлдү.
Мындан ары Улуттук гвардия мамлекеттик мекеме статусунан ажырап башкы штабдын карамагына өттү. Жаңы түзүлгөн куралдуу күчтөрүнүн кургактагы аскерлеринин командачылыгы башкы штабка тике баш ийген, кургактагы аскер бирикмелеринин, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин башкаруу органы болуп аныкталды. Аскер реформасынын жүрүшүндө бөлүнүп чыккан асман чабуулунан коргоо күчтөрү дагы башкы штабдын алдындагы түзүм болуп калды. Ошентип Башкы штаб өлкөдөгү куралуу күчтөрдүн башында турат.


Новости по дате