Маанилүү ММК

"Фабула": Путин Кыргызстанга мураскерди аныктоого келгени жатабы? image

27 Янв, 2017 790

Басма сөзгө баяндама

Бүгүнкү "Фабула" Путин Кыргызстанга мураскерди аныктоого келгени жатабы? “Бир Бол” фракциясынын депутаты, “Акаевдин аспиранты”-деген каймана ысымга ээ Кубанычбек Жумалиев Академиядан да бизнес жасайбы? Төлөйкандын”Бир дүйнөсү” террорчулукка тиешеси барбы? деп суроолуу маселелерди козгоду. Алгачкы бетине мындан башка дагы бир теманы кызыл кулак деп “Кыргызстан”партиясында абал чатак, Шаки кимден-качып жүрөт? деген атты коюп жарык көрдү. Шайлана албай шааабайы сууду деген "Фабула" декандыкка өтпөй калган бешинчи чакырылыштын депутаты Каныбек Осмоналиев тууралуу какшык аралашкан маалыматы менен бөлүштү.  Анда жазылгандай Кыргыз Улуттук Университетинде өткөн факультет декандарын шайлоодо”Физика” факультетинен декандыкка талапкерлигин коюп, каршылашы менен тең-тең чыгып экинчи турга ат салышмай болду. Жашоо деген ушул экен, кечээ эле асман айды чапчып, ректорлорду баш кылып тизип турган Осмоналиев бүгүн минтип декандыкка дагы шайлана албай шаабайы сууп турат,- дейт "Фабула" гезити.

Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

phot1