http://www.ktrk.kg/Кыздардын укугун коргоодо бийлик өкүлдөрү көңүл бөлбөй жатат

Кыздардын укугун коргоодо бийлик өкүлдөрү көңүл бөлбөй жатат

27 Янв 2017 , 4:55 29716

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Нью-Йоркто болгон БУУнун конференциясына Кыргызстандан 11-класстын окуучусу Айтурган Жолдошбекова катышып келген. Дүйнөлүк масштабда өткөн  иш-чарада  Айтурган Жолдошбекова гендердик теңсиздик боюнча доклад окуган. Ошондой эле ал кыздардын укуктары тууралуу башка өлкөнүн катышуучуларынын докладдарын тыңдаган. Айтурганга өзгөчө БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун менен болгон жолугушуусу  курч таасир калтырган. Айтурган Жолдошбекованын пикиринде  Кыргызстанда,  кыздардын укугун коргоодо бийлик өкүлдөрү көңүл бөлбөй жатат. Бирок “Улуттук  кыздар федерациясынын” мүчөлөрү бул багытта иш жүргүзүү аракеттинде. 

Андыктан, Кыргызстандын келечегин түзө турган 18 жашка чейинки кыздардын укук коргоого багытталган мыйзамдардын толук кандуу иштешин  “Улуттук кыздар федерациясына” мүчө кыздар талап кылышууда. Ошондой эле алардын  укугун коргоого багытталган көптөгөн иш-чараларды жер-жерлердеги мектептерде  өткөрүү чарасын көрүү керек дешүүдө.

Бегайым Абдыкадырова   “Биринчи радио”


Новости по дате