http://www.ktrk.kg/Баш мыйзамдын жаңы тексти "Эркин-Тоо" гезитине басылып чыкты

Баш мыйзамдын жаңы тексти "Эркин-Тоо" гезитине басылып чыкты

30 Янв 2017 , 16:34 12481

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Баш мыйзамдын жаңы тексти "Эркин-Тоо" гезитинин атайын чыгарылышына басылып чыкты.

Жума күнү президент Алмазбек Атамбаев өлкө конституциясынын расмий текстин жарыялоо жөнүндөгү Жарлыкка кол койгон. 

Өлкө башчынын айтымында, Баш мыйзамдын түп нускасы президенттик аппаратта сакталып, көчүрмөлөрү өкмөткө, Жогорку Кеңешке, Жогорку сотко жана Конституциялык палатага берилет. 

Өзгөртүүлөрдүн максаты — эгемендүүлүктү, суверенитетти, парламентаризмди бекемдөө, мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруучу жана аткаруучу бутактарынын иштешүү принциптерин так аныктоо болду.




Новости по дате