http://www.ktrk.kg/"Фабула": Жапаровдун "тирсегинен илчүлөр" барбы?

"Фабула": Жапаровдун "тирсегинен илчүлөр" барбы?

31 Янв , 11:12 1028

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Басма сөзгө баяндама

“Баш мыйзамыбыздын боосу бек болсун” деген "Кыргыз Туусунан" баштайлы. 27-январда өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин салтанаттуу азем  учурунда нусканы жарыкка чыгаруу боюнча жарлыкка кол коюп, анын төрт көчүрмөсүн Жогорку Кеңеш, Өкмөт, Жогорку Сот жана Конституциялык палатанын өкүлдөрүнө тапшырып берип, Баш мыйзамдын түп нускасы Президенттик аппаратта сакталаарын айтып, референдумдун чечимине ылайык атайын жумушчу топ түзүлүп, Баш мыйзамдын кыргыз жана орус тексттеринде 60тан ашуун каталар, карама-каршылыктар, бурмалоолор оңдолгонун дал ушул аземде президенттин белгилегенин бүгүн "Кыргыз Туусу" аталган макалада эске салды. КРнын Конституциясынын расмий текстин жарыялоо жөнүндө жарлыкка кол койуп жатып айткан президенттин сөзүн  толугу  менен   бүгүнкү сандан тааныша аласыздар.  Президенттин иш күндөлүгүндөгү андан аркы маалыматтар: Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын төрагасы Айбек Калиевди кабыл алган күндөн жазылган Энергетикада эмне кеп? Президенттин советтик аскерлер тарабынан Ленинград шаарын немецтик-фашисттик баскынчалардан толук бошотулган күнүнө карата кайрылуусу “Блокада биздин адамдарга да тиешелүү” деген аталышта, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинди ай жылнаамасы боюнча Жаңы Жыл- Жаз майрамы менен куттуктоосу “Кошуналардын майрамы биздин да кубаныч деген аталышта орун алды. 

"Фабула"

Бүгүнкү "Фабула"  Жантөрө Сатыбалдиев 100 миллион долларды кантип иштеткен? Чагым же муштум операциясы мурунтан даярдалган сценарийби ? Жапаровдун тирсегинен илчүлөр барбы? Көмүскөдө гүлдөгөн казино, Жакшы жылтырдын кызы желенин башына деп аталган макаларды жазганын алдыңкы бетинде жар салды. Ушул эле бетине “Бажы кызматын бизнеске айланткан”Куба миллион” менен “Раим миллиондун таржымалы” деген теманы койгон.  Бул тема гезиттин 4-бетинде “Чыгыш” бажы кызматын бизнеске айланткан “Куба миллион” деген аталышта уланат. Коррупция буруксуйт деген "Фабула" мамлекеттин бюджетине түшчү акчага ач көздүк менен кол салып келаткандардын бири деп Нарындагы Чыгыш бажы кызматынын башчысы Абас уулу Кубанычбек тууралуу жазды жана байыганын баяндаган  иликтөөлөрү  кыймылсыз мүлктөрү тартылган сүрөттөрү менен  жарыяланды. Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Новости по дате