http://www.ktrk.kg/Кыргыз-тажик чек ара башчылары жолугушту

Кыргыз-тажик чек ара башчылары жолугушту

6 Фев 2017 , 21:12 3131

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

 Чек ара тилкелериндеги чыр чатактарга бөгөт коюда биргелешип көзөмөлдөө натыйжа бергенин кыргыз-тажик чек ара башчыларынын жолугушуусунда айтышты. Башкы чек арачы Мирбек Касымкулов менен Тажикстандын УКМКсынын чек ара аскерлеринин Колбашчысы Раджабали Рахмонали кыргыз-тажик чек арасында жолугушушту.

Анда эки тарап, кыргыз-тажик чек арасындагы жана КМШ өлкөлөрүнүн тышкы чек араларындагы кырдаал боюнча пикир алышып, алдыдагы кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тарап мамлекеттик чек арада орун алчу чыр-чатактардын алдын алуу, болтурбоо жана аларды жөнгө салуу боюнча биргелешкен иш-чаралар тууралуу пикир алышты. Чек арадагы жаңжалдардын алдын алууда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн ишин жандандырууну айтышты. Буга чейин кыргыз-тажик чектешкен аймагында эки тараптуу биргелешкен көзөмөл жакшы натыйжа берген.




Новости по дате