http://www.ktrk.kg/ММК: маалымат таратуу жоопкерчилиги

ММК: маалымат таратуу жоопкерчилиги

7 Фев , 9:19 715

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Коомчулукта катуу талкуу жаратып жаткан мына ушул интернеттеги коопту оюндар туурасында массалык маалымат каражаттары байкап чагылдырышы керек. 

Анткени сенсация кылып, коопту оюн туурасында жаза берүү өспүрүмдөрдү тескерисинче кызыгуусун ойготуп салышы мүмкүн. Мындай пикирге балдар психологдору да кошулуп жатат. 

Акыркы жуманын ичинде калктын көңүлүн бурган интернеттеги оюндар туурасында массалык маалымат каражаттарынан байма-бай көрсөтүлүп жатты. Анда кырсык алып келген оюндан өз өмүрүнө кол салган өспүрүмдөр айтылган. Серепчилер бул маалымат жай баракат жүргөн өспүрүмдөрдүн да кызыгуусун жаратып коюсу мүмкүн дешет.

Суицид же жан кыйууларга байланышкан кайсы гана маалымат болбосун, акыл эси өтө калыптана элек жаш балдарга терс таасирин берет. Мындан улам ата энелер балдарын интернет аркылуу ар кайсы маалыматтарды алуусун чектеши керек. 

Ал эми массалык маалымат каражаттары бул темада өтө аяр мамиле кылуусу зарыл дешет эксперттер. 



Новости по дате