Басма сөзгө баяндама

Гезит базарынан колубузга тийгени "Азия Ньюс" бүгүнкү санын тамаша ордуна деп, "Бабанов күрөшөбү, же соодалашабы?" деген ат менен жарыкка чыгарды. Бул сандан “Манас ордо” коомунун төрагасы Анарбек Усупбаевдин соңку кездеги өлкөдөгү саясий кырдаал боюнча курган “Алмазбек Атамбаевди дагы бир мөөнөткө шайлап алышыбыз керек” деген  көлөмдүү маегин окуй аласыздар. Ушул эле бетте ЖКтин депутаты Кожобек Рыспаевдин  “Мен аракеч эмесмин, аракты аз ичем деген маеги да бар.  “Ак шумкар” саясий партиясынын алгы жыйыны туурасында да маалыматка орун берилген. ЖКтин депутаты Руслан Казакбаев да саясаттан кенен сөз кылып, Бабанов президенттик шайлоого чыгат, аягына чейин күрөшөт деп маек курду. Экс тышкы иштер министри Руслан мырзаны кыргыз тилин айрым кесиптеш дипломаттар сымал чулдурубай таза сүйлөгөндүгү менен айырмаланат деген "Азия Ньюс" бул сапар партиялаш Өмүрбек Бабановдун хан тактыга аттанаар алдындагы жүрүштөрү, тышкы саясий күчтөрдүн аламанга карай кийлигишүүсү,ички интрига,шайлоонун шайтан оюндары сымал маанилүү маселелердин тегерегинде баарлашкан.  Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"