http://www.ktrk.kg/КТРКнын мобилдик тиркемеси - керектүү, ыңгайлуу, жөнөкөй

КТРКнын мобилдик тиркемеси - керектүү, ыңгайлуу, жөнөкөй

9 Фев 2017 , 17:38 1916

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Коомдук телерадио берүү корпорациясынын жаңы мобилдик тиркемеси иштелип чыкты. Тиркемени интернет-дүкөндөн акысыз жүктөп алууга болот. Бул көрүүчүлөр үчүн жарнама, куттуктоолорун тез жана арзан баада чыгарууга ыңгайлуулук түзүп берүү максатында жасалууда. 

Тиркемени интернет дүкөндөн көчүрүп алуу эң жөнөкөй. “Google play market" же “Apple stor” кирип КТРК деп жазасыз да көчүрүүнү баштайсыз. Бардыгы акысыз.

Бул тиркемеден Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын жана анын курамындагы бардык телеканалдарынын жаңылыктарын, берүулөрүн көрүүгө жана КТРКнын радиолорун угууга болот. Андан сырткары, бул тиркемеге КТРКнын бардык көрсөтүүлөрү жүктөлөт. Адистер тиркемени көрүүчүлөр үчүн өтө ыңгайлуу жана жөнөкөй кылууга аракет кылышкан.
 КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков биринчилерден болуп корпорациянын тиркемесин өзүнүн смартфонуна көчүрдү. Айтымында бардыгы жогорку деңгээлде жана сапаттуу жасалган. Тиркеменин үстүнөн иштеген адистер да кесипкөй экенин белгилейт.
 Коомдук биринчи каналдын жетекчилиги муну менен гана токтоп калбайт. Бир айдан кийин дагы бир жаңы долбоор ишке кирген турат. Көрүүчүлөр жаңы тиркеменин жардамы менен КТРКнын курамындагы каалаган каналына жарнама жана куттуктоолорун жиберип, ал 3 мүнөттүн ичинде экранга чыгып кала тургандай шарттар түзүлөт. Билдирүү жөнөтүүнүн баасы да бир топ арзан болот.
Мындан сырткары жарнаманы текст түрүндө гана эмес, сүрөтү менен кошо берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул жарнама берүүчүгө да, кардарга да ыңгайлуу болот.
Жарнамага акы төлөө дагы накталай болбойт. Төлөм интернет аркылуу журүп, кардар КТРКнын кызматкерлери менен түз байланышта болбойт. Бул биринчиден ыңгайлуу болсо, экинчиден эки эсе арзан баада болот.

 

Новости по дате