Бүгүн, 13- февралда  Чүй облусунун Ысык-Ата районунда Mercedes-Benz 230 жана Audi 80 үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. 

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма соз кызматынан маалымдашты. 

Кырсыктын айынан төрт адам ошол жерде көз жумуп, бир адам ооруканага жеткенде үзүлгөн. 

Дагы бир адам Ысык-Ата райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. 

Куткаруучулар катуу ылдамдык менен келип кагышкан унаалардын ичинен 2 жүргүнчүнүн кыпчылып калган сөөгүн алып чыгышып, тиешелүү органдарга өткөрүп беришти.