http://www.ktrk.kg/Басма сөз: эртең Советтик армиянын Афган жергесинен чыгарылган күн

Басма сөз: эртең Советтик армиянын Афган жергесинен чыгарылган күн

14 Фев , 9:25 697

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Басма сөзгө баяндама

"Өлкө коопсуздугу –туруктуу өнүгүүгө өбөлгө" деген теманын алдында "Кыргыз Туусу" жарык көрдү. Эртең Советтик армиянын Афган жергесинен чыгарылган күн  экенин эске салып, Кочкор районуна караштуу Кочкор айылынын кулуну, ал кездеги  жаш лейтенант Саламат Абдылдаев туурасында жазылган "Танка ичиндеги ысыктан кулак-мурундан кан акчу" деген аталыштагы макаланы тартуулады. Гезит жазган "Ата журттан алыста", кан күйүп, карыш жерден ок учкан тогуз жылдык согуш жылдары 5 миңден ашык советтик жоокер каза таап, жети миңден ашыгы алган жаракаттан майып болушканын, 309 жоокердин дайыны табылбай  калганы, андагы Афганистан согушуна Ала Тоо койнунан узагандардын 300ү окко учуп, шейит кетишкенин, 1500 түрдүү дэңгээлде майып болуп төртөө табылбай калган мындан 28 жыл мурунку өзгөч оор күндөрдөгү маалыматты белгилей кетели. Ушул эле жерде он сегиз жашында Афган жергесине барып десанттык бөлүктө  кызмат өтөгөн Сейиткул Сейдакматовдун Алыскы Фрунзе шаарында жашап иштеп жаткан ата-энеме жана бир туугандарыма мындагы Афганистанда службасын өткөзүп жаткан уулуңардан  ысык салам деп жазылган  акыркы каты  менен да бүгүн "Кыргыз Туусу тааныштырды".

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Новости по дате