http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: "Төлгөчүлүк расмий кызмат катары кабыл алынганбы?"

Элдик репортер: "Төлгөчүлүк расмий кызмат катары кабыл алынганбы?"

14 Фев , 16:24 6378

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Төлгөчүлөрдүн жумушу качан расмий түрдө каралып калды эле? - деп оюн билдирген окурман, төмөндөгүдөй пикир калтырган.:

Борбор калаадагы белгилүү соода борборлорунун биринде расмий кызмат катары кабыл алып, иш бөлмөсүн ачкан Төлгөчүгө жана ага шарт түзүп берген адамга таң калганымды жашыра алган жокмун. 

Буларсыз деле коомчулуктун башын айландырып, туура эмес багытка үндөгөндөр көп. Эми алардын катарын төлгөчүлөр толукташабы? Эмне үчүн өкмөт мындай нерселерге көңүл бурбайт, чара колдонбойт? Азыр маани  бербей жүрүшкөнү менен качандыр бир убакта мындай нерселер олуттуу нерселерге айланбайбы?

Жашоосуна жеңил оокат табууну каалап, көз боемочулук менен алектенген төлгөчүлөргө баруунун ордуна, убактыңызды пайдалуу нерселерге коротуңуз- дейт. окурманыбыз пикиринин соңунда.


Новости по дате