http://www.ktrk.kg/"Фабула": "Үтүктү сайсаң да Текебаев көрүнөт"

"Фабула": "Үтүктү сайсаң да Текебаев көрүнөт"

17 Фев, 9:51 3121

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Басма сөзгө баяндама

Бүгүнкү "Фабула" Бөкөнбай Боркеевдин "Үтүктү сайсаң да Текебаев көрүнөт" деген баш макала менен баштады. Алгачкы бетине айрым бир саясатчылар туурасында жазылган кыска маалыматтарды тизди. Алардын арасында "Он бир депутат дайынсыз жоголду?" деген аталышта Кара-Суу районунун Шарк айылдык кеңешинин 11 депутаты дайынсыз жоголгонунун себеби ачыкка чыкканы туурасында жазылды. Жоголду делген депутаттардын туугандары арыз менен укук коргоо органдарына кайрылып калгандан улам билинип калганы айтылат. Депутаттар Тажикстандагы “Бахорастан” эс алуу жайына Кара- Суу районунун акими Тилек Матраимовдун тапшырмасы менен барышканын акимдин мындай кадамы айыл өкмөт башчысына өз кишисин алып келиш үчүн шайлоону болтурбай коюуга кызыкдар болуп, өз жанынан акча төлөп аларды эс алууга чыгарып жибергени боюнча айыл арасында кызуу талкуу жүрүп жатканын Матраимовдордун төбөсү ар дайым чырлуу иштен көрүнчү болду дегенин ушул макалага жазды. Аудиодон кененирээк укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"