http://www.ktrk.kg/Кыргызстан мобилдүү жана натыйжалуу аскер куруу жолунда

Кыргызстан мобилдүү жана натыйжалуу аскер куруу жолунда

21 Фев 2017 , 23:12 3288

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өлкөнүн куралдуу күчтөрүн реформалоонун алкагында Кыргызстан мобилдүү, ыкчам жана натыйжалуу армия курууда. Бул багытта - мындан 2 жыл мурун куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы түзүлсө, өткөн жылы президенттин жарлыгы менен кургактагы аскерлер жана абадан коргонуу күчтөрү түзүлдү.Көрүлүп жаткан аракеттер кыргыз армиясынын деңгээлин жогорулатып, кандай гана кырдаал болбосун ага татыктуу туруштук берүүгө багытталган. Кыргыз армиясында реалдуу реформалардын башталганына аз эле убакыт болду. Тактап айтканда, акыркы беш жылдан бери эле куралдуу күчтөрүнүн материалдык-техникалык базасын күчтөө, кызматкерлерге шарттар түзүлө баштады
Реформанын алкагында куралдуу күчтөрүнүн түзүмүндө чоң өзгөрүүлөр орун алды. 2014-жылы генералдык штаб түзүлүп, анын карамагына улуттук гвардия жана чек ара кызматы берилген. Өткөн жылы президенттин жарлыгы менен кургактагы аскер бөлүгү түзүлүп, ал дагы башкы штабдын башкаруусунда болот. Ал эми министрликтин ордуна түзүлгөн коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет бардык түзүмдөрдү материалдык техникалык жактан камсыздайт. Тамак аш, кийим кече, техника жана курал жарагын.
Аскер кызматкерлерине түзүлүп жаткан шарттар тууралуу айтсак, айлык маяналардын жогорулаганынан сырткары 5 жыл ичинде бир нече турак жай, заманбап аскер бөлүктөрү, жаңы чек ара заставалары курулду. Маселен акыркы 5 жыл ичинде 500дөн ашык аскер кызматкерлери Бишкек, Ош жана Баткен шаарларында турак-жай менен камсыз болушкан.
Мындан сырткары аскерге чакыруу өнөктүктөрүн уюштуруу жана жоокерлердин кызмат өтөөсүнө өзгөчө мамиле жасалууда. Мисалы “дедовщина” маселеси мурдагыдай курч көйгөй болбой калды, - дейт Райымберди Дүйшөмбиев. Тескерисинче кызмат өтөөгө кызыккандардын, анын ичинен жогорку билим алгандан кийин келгендерин саны көбөйгөн.
Жогорку билими бар адам армияда 11 ай кызмат өтөп, бир ай офицердик курсту өтүп, лейтенант наамын алса болот. Башкы штабдын жетекчиси ошондой эле ШКУ, ЖККУ менен кызматташуу, Орусия, Кытай өңдүү ири державалар менен түзүлгөн курал жарак сатып алдуу келишимдери ийгиликтүү ишке ашып жатканын белгиледи. Учурда күч аракеттин көбү чек ара аскер бөлүктөрүн жана заставаларды күчтөндүрүүгө жумшалып жатат. 




Новости по дате